Саламатсызбы! ВИЧ, СПИД вирустары жөнүндө маалыматым бар. Бул вирусту биринчи жыныстык катнашта жуктуруп алуу мүмкүнбү? Анализ тапшыруу үчүн кайда кайрылабыз?
// //
Саламатсызбы! ВИЧ, СПИД вирустары жөнүндө маалыматым бар. Бул вирусту биринчи жыныстык катнашта жуктуруп алуу мүмкүнбү? Анализ тапшыруу үчүн кайда кайрылабыз?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Окурман, ВИЧ, СПИД вирусун бир жолку жыныстык катнаштан жуктуруп алууга толук мүмкүн. Иммунитети начар адамдарга өбүшүү учурунда дагы жугат. Теридеги кандайдыр бир жаракатка вирусту алып жүргөн адамдын каны тийсе дагы коркунучтуу.
Бишкек шаарындагы "СПИД" борборуна кайрылсаңыз, адистер качан, кантип анализ тапшыруу керектигин айтып берет. Жыйынтыгына карап дарыгерлер иш алып барат. . Кандайдыр бир шек саноолоруңуз болсо, тезирээк анализ тапшырыңыз!