// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Досумдан кантип кечирим сурайм?

Мен жакын досумдун карындашы менен сүйлөшөт элем. Анан бир күнү досум бизди жолуккан жерибизден көрүп калды. Азыр досум менден үмүт үзгөн. Досумдан кантип кечирим сурасам болот?

Эксперттин жообу
15.02.2018, 15:14

Бермет Наралиева

психолог

 

Мындай кадамдарга сүйлөшөөрдөн мурун ойлонуп кадам ташташ керек эле! Ал эми кечирим суроо ар адамдын иши. Аракет жасап кечирим сурап көрүңүз. Жалпы келишимге келүү үчүн досуңуз сизди кечире ала турган болуп, психологиялык даярдыкка ээ болушу керек.

“Жаңжал” деген чиеленип оролгон жип сыяктуу нерсе, аны ар ким өз билгенинче билимине, ой-жүгүртүүсүнө жараша чыбаш болгон түйүндү чечет. Кээ бирөөлөр кайчы менен кесип чырмалган жерлерин ыргытып андан ары жагын иштетет, кээ бири акырындык менен ар бир түйүлгөн түйүндү жазып иш жасайт. Буларды эске алып кечирим суроонун жолун өзүң тандап алсын деген ойдомун.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт