Эки балам бар. Заарамды кармай албайм. Чүчкүрсөм, жөтөлсөм бир аз чыгып кетет. Анан да жыныстык жагымдан жел чыгып турат. Эмне кылсам болот? Кеңеш күтөм!
// //
Эки балам бар. Заарамды кармай албайм. Чүчкүрсөм, жөтөлсөм бир аз чыгып кетет. Анан да жыныстык жагымдан жел чыгып турат. Эмне кылсам болот? Кеңеш күтөм!
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, балдарыңызды төрөгөндө жатын айрылуусу болсо, жыныс булчуңдары бошоп калган. Ошондуктан чүчкүргөндө, жөтөлгөндө заараны кармай албай калып жатасыз.
Көп кыйналбай тезинен гинекологго көрүнүңүз. Сиздеги сезгенүүнү дарылап, булчуңдарды бекемдей турчу гимнастиканы үйрөтөт. Ден-соолукта болуңуз!