Быйыл 1-курсмун. Группам менен тил табыша албай жатам. Алар мени бөлүп койгондой. Башка группага которулсамбы?
// //
Быйыл 1-курсмун. Группам менен тил табыша албай жатам. Алар мени бөлүп койгондой. Башка группага которулсамбы?
Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, эмне үчүн группалаштарыңыз менен тил табыша албай жатканыңызды кенен жазбаптырсыз.
Башкалар менен тил табыша албоо окууга, жүрүм-турумга, алдыга койгон максатка терс таасирин тийгизет.
Себептери көп: милсалы, социалдык катмар, көз караштар, сени курчап турган адамдар.
Бардык тоскоолдуктарды күчтүү каалоо менен жеңип чыгууга болоорун унутпаңыз. Ката эки тараптан тең кетет.
Окуудагы абал терс жакка курчуп бара жатса тезинен башка группага которулуп кетиңиз. Ийгилик!