// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Баламдын атасы кумарчы

Балам 1 ге чыкты. Атасы бала төрөлө электе чет жерге иштегени кеткен. Баласын көргөн эмес, анда-санда бир чалып кабар алып коёт. Угушума караганда кумар оюнунан башын чыгаралбай жүрүптүр. Ойногонуна 8-9 жылдай болгон экен. Жакындарым: “Кумар ойногон адам аны таштай албайт, ажыраш!”- дешет. Мен баламдын тагдырын, келечегин ойлоп сыгылам. Атасы ошону түшүнсө, билсе кана.

Эксперттин жообу
15.02.2018, 10:59

Бермет Наралиева

психолог

 

Сиз жолдошуңуз менен сүйүшүп, бири бириңизди таанып, антташып, ысык суукта, барчылыкта, жокчулукта баарына чыдайм деп баш коштуңуз беле? Кантип баш кошконсуз?

Жакшы жашоону издеп чет өлкөдө жүргөндөр акча табам деп жүрөт. Сиздин оюңузча кумар ойнойм деп жүрөбү? Чет өлкөдө капиталисттик система, барган эле мигранттарды башынан сылап, эркелетип койбойт. Бир барып алып GREEN CARD же жашап туруу укугун жоготуп албайын деп бир жыл эмес төрт жылга чейин келе албай жүргөндөр бар. Сиз турмушка чыкканга чейин ал күйөңүздүн 8-9 жылдан бери кумар ойноп жүргөндүгүн билбей эмне иш кылып жүрдүңүз?

Турмуш, бала, үй-бүлө сиздики, жакындарыңыз же тааныштарыңыз сиз кабылган маселени жон териси менен эч качан сезишпейт .

Илгери апаларыбыз аталар согушка кетсе 4-5жыл бою да күтүп жүрүшкөн. Тилекке каршы азыркы жаштар турмуштун биринчи тоскоолдуктарына туруштук бере алышпай эки тарапка басып кетишет.

Бала бир жашка чыкканда, тагдырын ойлонуп кыйналам дейсиз. Өтө кеч ойлонуп жатасыз. Баланы төрөлгөндөн кийин эмес төрөгөнгө чейин, балалуу болууну пландаштыраардан мурун ойлонуу керек. Окумуштуулардын изилдөө жыйынтыктары ар бир төрөлгөн наристенин “мен” деген образы, кандай адам болуп чоңойушу төрөлгөндөн кийин эмес түйүлдүк пайда болгон мезгилден, ал түйүлдүктү пландоодон башталат деп тастыктап келет. Өзүңүздүн күмөн саноолоруңуз менен өсүп келе жаткан наристенин психикасына кандай деген доо кетирип жаткандыгыңызды, анын тагдырына кандай кыянатчылык кылып жатканыңызды түшүнгөн болсоңуз баштаган турмуш үчүн күрөшүп жакшы ойлорду ойломоксуз. Элибизде “жакшы ой, жарым ырыс” деген сөз бар экенин эсиңизге алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт