Досторумдун баары майрамдарда ичип, чегет. "Ичпейм" деп баш тартсам “апасынын баласы” деп шылдыңдашат. Кошулбай коёюн десем алардан башка досторум жок. Эмне кылсам болот?
// //
Досторумдун баары майрамдарда ичип, чегет. "Ичпейм" деп баш тартсам “апасынын баласы” деп шылдыңдашат. Кошулбай коёюн десем алардан башка досторум жок. Эмне кылсам болот?
Өмүрбек
Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери
Урматтуу окурман, “Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтам” деген элибизде жакшы макал бар. Досторду туура тандоо абзел. Досторуңа кошулуп ичип, чекпесең дагы башкалар сени "ичет", "чегет" деп ойлойт. Ата-энеңе жаман сөз тийгизесиң, келечегиңди талкалайсың. Өзүң деле байкап, баамдасаң керек жалаң намаз окугандардын, спорт менен машыккандардын, ичип, чеккендердин өздөрүнүн чөйрөсү болот.
Өзүңө жакпаган чөйрөдөн чыгып кетсең эмнеге болбосун. Көңүлүңдү окууга буруп, жаңы досторду изде, дос деген табылат. Мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырганда туура чөйрөгө аралаш. Ийгилик!