“Р” тамгысына тилим келбейт. Эмне кылсам болот?
// //
“Р” тамгысына тилим келбейт. Эмне кылсам болот?
Динара Токсонбаева
Логопед
Окурман, ар бир адамдын организми индивидуалдуу. Ошол себептүү тил дагы ар кандай болот: пассивдүү, жалкоо жана чыйрак. “Р” тамгасына тил ар кайсы мөөнөттө келет. 10 күндөн баштап, бир ай же болосо жылдарга созулуп кетиши мүмкүн. Эгерде сиздин тилиңиз “Р” тамгасына көптөн бери келбей жатса, анда создуктурбастан тезирээк логопедге кайрылыңыз. Атайын методикалардын жардамы менен тилиңизди оңдоп аласыз.