// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

ВИЧ инфекциясын жуктуруп алыпмын

20 жаштамын. Жакында эле ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганымды билдим. Бул кабарды уккандан бери шок абалдамын.

Жашоого көз карашым өзгөрүп, түнт болуп баратам. Жан дүйнөм ооруп, кыйналып кеттим. Башымдан "сенин өмүрүң аз калды" деген ой кетпейт. Үй-бүлөм баш болуп абдан коркуп жатабыз. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
27.09.2018, 11:43

Ширин Амантурова

Психолог

Кымбаттуум, жашооңуздагы эң оор сыноону көтөрө алаарыңызга ишенем. Кандай себеп менен бул ооруну жуктурганыңызды жазбаптырсыз. Өзүңүзгө болгон ишеничиңизди көбөйтүп, бул коркунучтуу дартты жеңип, жашап кетүү колуңузда. 

ВИЧ инфекциясы менен жашап, үй-бүлө куруп, иштеп жүргөндөр арабызда көп.

Bilesinbi.kg ге жазып, ички дүйнөңүздөгү сезимдериңиз менен бөлүшкөнүңүз, ооруга каршы биринчи кадам.  

Дарылоо курсун өз убагында алып, жаман адаттардан (ичкилик, тамеки тартуу) алыс болуп, активдүү жашоо образын сактоого аракет кылыңыз. 
Стимул берчү адам өзүңүзсүз. Жашаңыз, алдыга көп максаттарды коюңуз, оору сиз үчүн жаза болбошу керек. Жакындарыңыз менен ичиңиздеги букту бөлүшүңүз. Сизге ден-соолук жана сабырдылуук каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт