Үч айлык мөөнөт менен боюмдан алдырсам болобу? Кайын энем "Азыр жашсыңар, балалуу болууга али эрте" дейт, төрөгөнүмө каршы. Эмне кылсам болот?
// //
Үч айлык мөөнөт менен боюмдан алдырсам болобу? Кайын энем "Азыр жашсыңар, балалуу болууга али эрте" дейт, төрөгөнүмө каршы. Эмне кылсам болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, ичиңиздеги бала чоңоюп калыптыр. Алдырып салуунун зыяны чоң.
Кайын энеңиз убагында бала баккандан кыйналса керек. Канткен күндө да, чечим кабыл алуу сиздин колдо. Бир нерсе эсиңизде болсун, баланы кайын эне үчүн төрөбөйсүз. Ал кишинин колуңуздан сүйрөп барып, аборт жасаттырганга укугу жок. Жакшылап ойлонуп, туура жыйынтыкка келиңиз. Ийгилик!