Дайыма тамагыма бир аз какырык топтолуп калат, кырылдап жүрөм. Эмне себептен мындай жана кантип айыкса болот?
// //
Дайыма тамагыма бир аз какырык топтолуп калат, кырылдап жүрөм. Эмне себептен мындай жана кантип айыкса болот?
Таттыгүл Агыбаева
Лор
Саламатсызбы! Биринчиден тамакка какырык өпкө ооруларынын (бронхит, пневмония) сезгенүүсүнөн келет. Өпкө таза болсо, тамактын өзүн текшерүү керек. Какырык алып келүүчү "фарингит", "тонзиллит", "ларингит" деген оорулар бар. Андан кийин мурунду текшерүү керек. Мурун тосмосу кыйшайып, кемирчектер чоңоюп же болбосо гайморит, этмоидит болушу мүмкүн.
Дарыгер өпкөнү, мурунду рентгенге тартып, тамакты ачып карап диагноз коёт. Доктурга кайрылыңыз.