Боюмда болгондон баштап аллергия пайда болду. Төрт айлык мөөнөтүндө эле мурдум бүтүп дем ала албай, бат-баттан чүчкүрүп, анда-санда жөтөлүп калып жатам. Ичимдеги балама жугуп калбайбы?
// //
Боюмда болгондон баштап аллергия пайда болду. Төрт айлык мөөнөтүндө эле мурдум бүтүп дем ала албай, бат-баттан чүчкүрүп, анда-санда жөтөлүп калып жатам. Ичимдеги балама жугуп калбайбы?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, дем алуудан кыйналсаңыз баланын козголуу коркунучу пайда болот. Тезинен аллерголог менен лордун көзөмөлүнөн өтүңүз. Билесизби, үйүңүздөгү аба кургап кетсе дагы мурдуңуздун көңдөйү кургап чүчкүрө бересиз. Андыктан үйдү желдетип туруңуз. Аман-эсен көз жарып алыңыз!