Үйлөнгөнүмө 5 ай болду. Беш ай бою презервативи жок кошулабыз. Уруктугумду түшүрбөйм. Оору жугуу коркунучу барбы жана боюнда болуп калбайбы?
// //
Үйлөнгөнүмө 5 ай болду. Беш ай бою презервативи жок кошулабыз. Уруктугумду түшүрбөйм. Оору жугуу коркунучу барбы жана боюнда болуп калбайбы?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу мырза, урукту сыртка түшүрүү табигый жол менен сактануунун бир түрүнө кирет. Бирок бул ыкмада бойдо болуп калуу коркунучу бар. Себеби бир-эки тамчы сперма түшүп калса эле, жубайыңыз кош бойлуу болуп калат. Мындай жолду колдонгон эркек аябай тажрыйбалуу болушу керек. Ошондой эле мунун кепилдиги аз болгондуктан, башка ыкмага өткөнүңүз жакшы. Бир гана презерватив жыныстык жактан жугуштуу оорулардан жана бойдо болуудан сактайт.
Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулар: https://bilesinbi.kg/article/169/
Сактануу каражаттары: https://bilesinbi.kg/article/135/