Мен атам менен апамды абдан жакшы көрөм. Бирок жакында эле мени багып алышканын угуп абдан жаман болдум. Эми бул абалдан кантип чыксам болот?
// //
Мен атам менен апамды абдан жакшы көрөм. Бирок жакында эле мени багып алышканын угуп абдан жаман болдум. Эми бул абалдан кантип чыксам болот?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Кымбаттуум, багып алганын укканыңда, сен “мен жаманмын, мени таштап кетти, менин керегим жок” деп ойлошуң мүмкүн, андай кылганың болбойт.
Сен чоң адамдарча, сени төрөгөн ата-энеңдин таштап кетишинин себептерин ойлонуп көр. Мүмкүн алар балалуу болууга даяр болбогон же жакшы тарбия берип чоңойто албайбыз деген коркушкан.
Сенин азыркы ата-энең сага мээримин төгүп, сени эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Бул дагы чоң бакыт, себеби сени жакшы көргөн адамдардын кучагында өсүп жатасың. Сага бакыт каалайм!