Атам каза болуп калган. Апам менен эжем мени эч качан түшүнбөйт. Салган акчаларын милдет кылат. "Сага баланча акча коротобуз, биз болбосок өлүп калмаксың" дешет. Тажап кеттим, өлгүм келет. Эмне кылсам болот?
// //

Ширин Амантурова
Психолог
Урматтуу окурман, акчанын ар бир адам үчүн өзүнчө бир орду бар. Акча каражаты оңой менен табылбайт, ошол себептен сизди үнөмдүү болсун деп жатышкандыр.
Биздин жашообуз материалдык байлыкка көз каранды болбошу абзел. Акчаны биринчи орунга коюу жаңылыштык экенин апаңыз менен эжеңиз түшүнүп алат деген үмүттөмүн.
Мындай кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу - өз алдына иштеп акча табуу. Өзүңүздү алаксытып хобби табыңыз, курстарга барыңыз. Ийгилик каалайм!