Кант диабети эмнеден улам пайда болот? Кантип алдын алуу керек?
// //
Кант диабети эмнеден улам пайда болот? Кантип алдын алуу керек?
Кадича Максутова
Терапевт
Окурман, кант диабети - уйку безинин сезгенишинен улам пайда болот. Биринчи баскычы көбүнчө кичинекей балдарда жана жаштарда байкалат. Экинчи баскычы ашыкча салмактуу чоң адамдарда болот.
Кант диабетинин алгачкы белгилери - суусоо, бат-бат заара ушатуу, шалдыроо, тамакка аппетит ачылганы менен арыктоо. Адам суусайт, канчалык суу ичсе дагы суусуну канбайт. Кээде 5-10 литрге чейин ичет, оозу кургайт. Сууну көп ичкендиктен түнкүсүн ажатканага тынбай чуркайт. Ушул үч белгини байкабай жүрө берсе кандын курмамындагы кант 20- 25ге чыгып кетет. Эгер өзүңүздөн мындай белгилерди байкасаңыз тезинен дарыгерге кайрылышыңыз керек.
Алдын алуу үчүн сүт азыктарын ичүү керек. Майлуу, чучук, казы-карта, таттуу жана камыр тамактарды токтотуп, жеңил витаминдүү азыктарга өтүңүз!