Жигитим өтө кызганчаак. Эч жакка чыгарбайт. Туура кылып жатабы?
// //
Жигитим өтө кызганчаак. Эч жакка чыгарбайт. Туура кылып жатабы?
Каныша Кожогелдиева
Психолог
Сенин жагдайыңа түшүнсө болот. Бирок эркектер көпчүлүк учурда, өзгөчө кыргыз жигиттери өздөрүн бийик кармашат. Ошондуктан алар "мен жактырган кыз баардык жагынан мага баш ийип туруш керек" деп эсептешет. Демек, "меники гана" деп кабыл алышат. Силер үйлөнө элексиңер сүйлөшүп гана жүрөсүңөр ошол себептен көп учурда кызгануу сезими сөзсүз болот.
Айрымдарда махабат кызгануу сезими менен биргеликте өнүгө берет. Андыктан терс кызгануу, өтө көп кызгануу көпчүлүк учурларда жаман нерсеге алып келет. Сен жигитиң менен ачык сүйлөш. Канчалык деңгээлде жактырат, келечек эмне болот, чындап эле жактырып жатабы же жөн эле кызганып убакыт өткөрүп жүрөбү, мына ушунун баарын ачык айтып сүйлөшүп алууң керек.
Муну сурап билүүнүн негизинде силердин махабат канчалык деңгээлде экенин билип аласың. Бирок сен да өзүң кызганууга шарт түзбөшүң керек. Өзүң кызганычка шарт түзүп бербөөнү үйрөн. Жаш, турмушка чыга элек болгонуңдан кийин сага да башкалар көңүл бураарын ачык түшүндүрүшүң керек. Дагы бир ирээт айтаарым ачык айкын сүйлөш.