18 жаштамын. Жигитим 24 жашта. Экөөбүз курорт жакта, кечки саат сегиздер чамасында машинада сүйлөшүп олтурсак, милициялар: “Зордуктоонун көп болгонуна байланыштуу рейд жүрүп жатат, милиция бөлүмүнө алып кетебиз, ата-энеңерге чалып айткыла, чыгарып кетсин”,- деди. Жашыруун сүйлөшүп жүргөнүбүзгө байланыштуу ата-энебизден коркуп, бир жагынан өз укугубузду билбегендиктен акча бергенбиз. КРнын мыйзамы бул окуяга кандай карайт? 18 жашка чыккан КРнын жараны кылмыш кылса ата-энесин чакырабы?