Мурдум шишип кетти. Ичине бир нерсе чыкканбы деп ойлоп жатам. Эмне кылсам болот?
// //
Мурдум шишип кетти. Ичине бир нерсе чыкканбы деп ойлоп жатам. Эмне кылсам болот?
Таттыгүл Агыбаева
Лор
Урматтуу окурман, сиз конкреттүү түрдө эч кандай маалымат бербептирсиз. Чыдатпай ооруп жаткан болсо мурундун ичине сыздоок чыккан болушу мүмкүн. Андай болсо тезинен дарыгерге кайрылып, тазалатуу керек. Мурудуңуздун ичинен кандайдыр бир эт көрсөңүз кемирчек өсүп кетиши ыктымал. Дем алуу жакшы болуп, оорунун симптомдору байкалбаса коркунучтуу эмес. Эгер дем алуу начарлап, түнкүсүн коңурук тартып, оорутуп жаткан болсо даргерге кайрылуу шарт. Кемирчекти кесип же күйгүзүп салышат. Даргерге сөзсүз түрдө көрүнүңүз. Ден-соолук каалайм!