// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Ал менден баш тартты, себеби мен анын...

Классташ кызым менен үч жылдан бери жакын достордонбуз. Бирок, мен аны катуу сүйөм. Кыз-жигит болуу сунушун киргизсем көңүлдөнбөйт. Бири-бирибизге мамилебиз абдан жакшы. Эмне үчүн мен “кыз-жигит бололу” десем макул болбойт?

Эксперттин жообу
30.08.2018, 09:24

Гүлмира Молдокулова

Психолог

Кымбаттуум, кызга түз эле “мен сени сүйөм” деп айтканың туура эмес болуп калат. Башка сөздөр же мамиле менен билдир, анткени бул сөзгө кыз да даяр болбой сен күткөндөй жооп бербеши мүмкүн. Сүйүүңдү далилдөө үчүн өзүңдүн эркектик сапаттарыңды көргөзүп, кызды үйүнө чейин узатып, ыңгайы келсе анын сумкасын көтөрүп, башка тийишкен балдардан корго (албетте мушташуу жолу менен эмес). Кызга кылган өзгөчө мамилең көңүлүнөн орун табат. Жогорудагы сунуштарды аткарып жакшы көрөрүңдү нейтралдуу формада билдир, мисалы: “сен мага жагасың, сени менен мага убакыт өткөргөн кызыктуу, сени көпкө көрбөй калсам бир нерсени жоготкондой болом, улам-улам эсиме келип турасың” деп. Анан албетте кыз тарапта сага болгон сезим ойгонсо, жакшы жооп аласың. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Ы
Ырысгул Маратбекова
02.09.2018, 13:09

Мен окууну бутуп диплом алдым бирок жигиттер мн таанышканда алар мн узак убакытка суйлошо албайм .

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт