Жигитим мага көңүл бөлбөйт. Бирок жакшы көрөөрүн айтат. Бул сөздөрүнө ишенсе болобу? Чындап эле ал мени жакшы көрөбү?
// //
Жигитим мага көңүл бөлбөйт. Бирок жакшы көрөөрүн айтат. Бул сөздөрүнө ишенсе болобу? Чындап эле ал мени жакшы көрөбү?
Гүлмира Молдокулова
Психолог
Урматтуу окурман, ар бир кыз мындай сырды билүүнү самаса керек. Уул баланын кызга болгон жакшы көрүү сезими бар экенин төмөнкү кадамдардан баамдап алууга мүмкүн.
Кылган мамилесинен. Сүйгөн жигит кызга кылган мамилесин көпчүлүк жерден көрсөтүүгө тартынбайт. Досторуна, туугандарына, ата-энесине тааныштырганга аракет кылат. Ортодо болуп жаткан мамилени өнүктүрүүгө күчүн жумшайт. Мындай кадам анын мамилесинин олуттуу жана бекем экенинен кабар берет.
Көз караш, сүйлөшүү манерасы, чалуулар, жазышуулар. Эгер жигит сүйсө өзүн ишенимдүү, туруктуу кылып көрсөткөнгө аракет кылат. Ал өзүнүн жардамын, көңүлүн сунуштайт. Боло турган келечектеги жашоону, үйлөнүү тойду, балдарын көп ойлонуп кыялданат.
Кызгануу. Сүйгөн балада сизге болгон кызгануу сөзсүз болот. Албетте ченими жана шарты менен.
Мамиленин жалганы, башкача айтканда туруктуу эместиги
Жигиттин же кыздын мамиле темасынан качуусу. Мамиле тууралуу сүйлөшүүлөр же макулдашуулар болуп жаткан мезгилде бул нерседен качып, сөздү башкага бурушу. Мындай учурда ойлонуп көрүү керек.
Кызганычтын жоктугу же обу жок кызгануу. Чеги жок кызгануу көпчүлүк учурларда уруш-талашка жана мамиленин соңуна алып келет. Кызганбоо мамиленин чыңдалышына жол жок дегендей.
Орой мамиле. Жөн жерден уруш чыгарып, оройлук кылуусу. Башкалардын арасынан өзүн бийик кармап, сага колдоо көрсөтө албаса анда ортодогу мамилени чыныгы деп айтууга мүмкүн эмес.
Баардык мамиледеги эң жакшы көрүнүш ортодогу ачыктык жана тактык. Андыктан мамиле курууну кадимки эле болуп туруучу окуя катары кабыл албай, терең көз караш менен кабыл алуу керек. Сизге тунук сезим каалайм!