Жакында үйлөнөм. Болочок аялымды өзүмдүн фамилияма өткөрөм. Нике күбөлүгүн той күнү алуу үчүн канча убакыт керек? Каякка кайрылам жана кандай документтер керектелет?
// //
Жакында үйлөнөм. Болочок аялымды өзүмдүн фамилияма өткөрөм. Нике күбөлүгүн той күнү алуу үчүн канча убакыт керек? Каякка кайрылам жана кандай документтер керектелет?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, той күнүнө бир ай убакыт калганда ЖААКка (ЗАГС) болочок жубайыңыз менен биргеликте барып арыз толтурасыз. ЖААК кызматкери сиздерге арыздын үлгүсүн көрсөтүп берет. Арыздын бир пунктунда “Нике курулгандан кийин кимдин фамилиясына өтөсүз?” деген суроо болот. Ал жерге “Жолдошумдун фамилиясына өтөм” деп болочок жолдошунун фамилиясын жазышы керек. Керектелүүчү документ сиздин жана жубайыңыздын паспорту. Бактылуу болуңуздар!