Жубайым экөөбүз ажырашып жатабыз. Апасы кыздарын бакпайм дейт. Ал алимент төлөөгө милдеттүү болобу?
// //
Жубайым экөөбүз ажырашып жатабыз. Апасы кыздарын бакпайм дейт. Ал алимент төлөөгө милдеттүү болобу?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы суроо берүүчү! Ата-эне ажырашкандан кийин балдар кимдин карамагында калса, экинчиси алимент төлөөгө милдеттүү. Кыздарыңызга кам көрүп, аларды багып чогойтууга жубайыңыз өз салымын кошуудан баш тартса, жалгыз багып чоңойтууга чамаңыз жетпесе алимент өндүрүп алуу боюнча сотко арыз менен кайрылсаңыз болот. Балдар эч качан кор болбошу керек!