// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жан сыздаткан " сыздоок"

 

Мага тез-тез эле ар кайсы жериме сыздоок ( фурункул ) чыгып жатат. Бул эмнеден болот жана сыздоок чыкканда эмне кылуу керек?

Эксперттин жообу
13.02.2018, 11:19

Надира Бейшеева

косметолог

 

Сыздоок — түк (чач) капчаларынын жана ага байланыштуу май бездери менен тегерегиндеги клеткаларын ириңдетүүчү стафилококк микробу пайда кылуучу катуу кармаган ириңдүү — некроздук сезгениш. Сыздоок теринин такай булганышы жана кийимдин өйкөшү, анын химиялык заттар менен дүүлүгүшү, теринин үстүңкү катмарынын сыйрылышы, тытылышы, микротравмалар, ошондой эле тер жана май бездеринен тер менен майдын көп бөлүнүшү, витамин жетишсиздиги, зат алмашуунун бузулушу түрткү болот. Сыздоок теринин түктүү бөлүгүнүн бардык жеринде, көбүнчө желкеде, бетте, колдун сырткы бетинде, бел тушта пайда болот. Чыккан сыздоокторго тийбеш (карамалабаш) керек, бул нерсе минингитке жана энцефалитке алып келет. Андыктан медицина кызматкерлерине кайрылуу керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт