Саламатсызбы! Мурундагы “Полип” тууралуу айтып бересизби. Ал эмнеден улам жаралат? Эгер кайра өсүүчү түрү болсо эмне кылуу керек?
// //
Саламатсызбы! Мурундагы “Полип” тууралуу айтып бересизби. Ал эмнеден улам жаралат? Эгер кайра өсүүчү түрү болсо эмне кылуу керек?
Таттыгүл Агыбаева
Лор
Саламатсызбы окурман! Полип – өнөкөт оорулардан улам пайда болгон мурун ичиндеги эт сымал ыйлаакча. Ал мурун ичинин кыйшагынан, көп убакыт гоймарит же аллергия болгондон улам пайда болот. Аны хирургиялык жол менен алып салат. Полипти алгандан кийин дарыгердин көзөмөлүндө гормондук дарыларды тамызып туура дарыланса, кайрадан өсүп чыкпашы мүмкүн. Көпчүлүк учурда мурундун анотомиялык түзүлүшүнө жараша болот. Мурундун кемирчектери чоң болсо күйгүзүп кичирейтип, кыйшак болсо түздөп койсо, эт өспөй калашы мүмкүн. Бул өнөкөт оорунун бир белгиси дагы. Сизге ден-соолук каалайм!