// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Өгөй атам 15 жашымда күйөөгө сатты

Курбумду өгөй атасынын айынан апасы 15 жашында күйөөгө берген. Турмушка чыкканда 16 жашка толду. 17 жашында көз жарды. Төрөт үйүнө 6000 сом берип төрөгөнүн жашыртты. Эми ал кантип баласына туулгандыгы тууралу күбөлүк алат? Өзүнүн паспорту дагы жок. Кеңеш күтөм!

Эксперттин жообу
16.08.2018, 13:12

Нурислам Раимжанов

Юрист

Окурман, бүгүнкү күндө курбуңуздун паспорту жок болсо, биринчи кезекте өзүнө паспорт алсын. Андан соң, жашаган жери боюнча жарандык актыны каттоо бөлүмүнө кайрылсын. Бөлүм төрөлгөн баланы каттоого алууга милдеттүү. Канча жашынан төрөсө дагы баланы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок калтыра албайт. 

Курбуңуз паспорт алгандан кийин, баласынын туулгандыгын далилдеген (төрөт үйүнөн чыгып жатканда берет) маалым катты алып, жарандык актыларды каттоо мекемесине (ЗАГС) кайрылсын. Ал жерден балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берет. Курбуңузга көмөктөшөсүз деген ишеничтемин. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт