// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Зектен төрөп алдым

Биринчи турмушумдан бир кызым бар. Атасы Россиядан кылмыш кылып соттолуп кетиптир. Биз мыйзамдуу түрдө ажырашканбыз. Бирок кызымдын фамилиясы атасынын атында. Эми кызымды башка өлкөгө алып чыга аламбы? Камалып кеткендиги үчүн аталык укугунан ажыратсам болобу? 

Эксперттин жообу
16.08.2018, 10:47

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, суроо менен кайрылганыңыз үчүн рахмат! 

Камалып кеткен жолдошуңуздун камалгандыгы жөнүндө Россия Федерациясынын жазаларды аткаруу мекемесинен тактама алуу керек. Тактаманы алуу үчүн http://fsin.su/fsin/details/  шилтемеси аркылуу арыз жиберсеңиз болот. Аны алгандан кийин, өзүңүз жашаган жер боюнча аталык укугунан ажыратуу арызы менен сотко кайрыласыз. Болбосо азыркы жолдошуңуз баланы асырап алуу максатында сотко кайрылса болот.  http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111521 шилтемеге кирип 270-берене менен таанышып алыңыз. Ийгилик каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт