Атасынын каттоосу Чүй облусунда, апасынын каттоосу Жалал-Абад облусунда болсо бала жөлөк пул ала алабы?
// //
Атасынын каттоосу Чүй облусунда, апасынын каттоосу Жалал-Абад облусунда болсо бала жөлөк пул ала алабы?
Айкөл Турганбаева
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Урматтуу суроо берүүчү, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлүк пулун чектөөдө ата-энесинин каттоосу кайсы жерде экенине карабай, далил түрүндө жашаган жери боюнча даярдалат. Ал үчүн учурда жашап жаткан жеринен маалымкат талап кылынат. Бирок, бала ата-энеси менен чогуу жашашы керек жана акча баланын керектөөсүнө гана жумшалышы шарт. Бул жөлөк пулдун балдарга арналганын унутпайлы!