// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Спорт кыздыгыма залалын тийгизбейби?

18 жаштамын. 4 жылдан бери футбол жана жеңил атлетика менен машыгам. Жакында чоң мелдеш болот, ошого катуу даярданып жатабыз. Бир күндө бир нече жолу бутумду керем. Анан жыныстык жагым ачылып калгандай эле сезилип жатат. Буга чейин жыныстык катнашка барган эмесмин. Эмне кылсам болот? 

Эксперттин жообу
13.08.2018, 16:19

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Кызым, спорт менен машыгуунун ден-соолукка эч кандай зыяны жок. “Спорт – ден-соолуктун булагы” деп бекер айтылбайт да.  Эгер өзүңүздү ыңгайсыз сезип, кабатырланып жатсаңыз, гинекологго келип текшерилүүдөн өтүп кетиңиз. Алдыдагы мелдеште жеңишке жетесиз деп ишенем!  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт