// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Атамдын ичкичтигинен үйдө тынчтык жок

Мен 17 жаштамын, беш бир тууганмын эки эжем эки карындашым бар. Атам ичип келип үйдө жаңжал чыгарат. Апамды урат,эмнеге экенин түшүнбөйм. Кайдагы уят сөздөр менен сөгөт, мени да урат. Мен чыдабай калдым эмне кылсам болот, кантип кутулам бул жагдайдан?

Азыр саат 0:42 атам дагы ичип келип урушушту, жатып эс алыңызчы десем мени да сабады. “Жүрөгүң өрттөнүп калсын, керегиң жок бар кет” деди, бул сөзү мага өтө оор тийди эмне кылаарымды билбей калдым, суранамын кеңеш бериңиздерчи?

Эксперттин жообу
09.02.2018, 16:50

Гүлмира Молдокулова

психолог

Бала үчүн “ата” деген бул эң күчтүү, акылдуу, ишеничтүү киши. Балдар чоңойгондо атасына окшош болуусун каалайт. Бирок ичкен ата, мас болуп алып эмне кылып жатканын, кандай жаман иш кылып жатканын түшүнбөйт. Мындан сырткары аялын, балдарын урат. Муну түшүнгөнгө кыйын жана бул абалга макул болуу оор. Бир караганда бул абалдан чыгууга жол жоктой сезилет. Анткени билбейсиң эмне кылыш керектигин. Апаңды, бир туугандарыңды, өзүңдү ойлоно берип башың ооруп кыйналасың жана ушул көйгөй менен жалгыз калгандай сезилет. Билесиңби атаң ичип жана чатак салып турса, бул коркунучтуу. Бирок бул абалдан чыгуучу баардык жол жабык дегенге болбойт.

Эмне кылуу керек? Биринчиден тынчтанып, ыңгайга карап, кандай иш-аракеттерди жасасам болот деп ойлонуш керек. Экинчиден туугандардын арасынан, үй-бүлөнүн досторунан кимге бул көйгөйдү айтсам болот, атама кимдин сөзү өтөт деп изилдеп көр. Анан атаң ичпеген соо кезинде олуттуу сүйлөш. Дагы бир кеңеш мындай күтүүсүз жагдайларга план түзүп алсаң болот. Дагы бир жолу айтаарым ичкен киши мас абалында эмне сүйлөп, эмне кылып жатканын билбей калат, ошондуктан атаңдын айткан жаман сөздөрүн көңүлүңө алба. Соо кезинде ата сиз ушинтип айттыңыз ушул чынбы деп сурап, тактап алсаң болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт