// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Бир туугандарым бири-бирин жек көрөт

 

22 жаштамын. 5 бир тууганбыз, мен экинчисимин. Менден кийин иним бар. Ал жалгыз уул, өтө эрке. Ар дайым сиңдилеримди ыйлата берет. Кичирээк кезинде кой дегенди угуп калчу, азыр 11-класс, таптакыр укпайт. Биз баарыбыз бири-бирибизге күйүп турабыз, иним болсо уруштура берет. Жалгыз уул болгондуктан атам дагы сөз сүйлөбөйт, "кокус урушуп койсом ызаланып бир нерсе болуп алса эмне болот" дейт. Апам экөөбүз сүйлөшкөнгө аракет кылабыз бирок, бизди  укпай кайра кыйкырып кетип калат. Атама айтсак ал сиңдимди урушат, "өзүң күнөөлүүсүң да, айтканын укпайсың" деп. Акыркы күндөрү инимдин айынан үйдө көп уруш чыга турган болду. Ошону көп ойлонуп кээде түнү менен уктабай чыгам.  Сураныч, кеңеш бериңиздерчи? Кантип бир туугандарымдын туугандык сезимин ойгото алам? 

Эксперттин жообу
06.08.2018, 11:35

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог 

Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн рахмат! Сизди түшүнүп турам, кыргыздарда жалгыз эркек бала болсо ага өзгөчө мамиле кылышат. Муну туура эмес деп эсептейм, анткени үй-бүлөдөгү ар бир бала мээримди алууга, ата-энеси менен баарлашууга, үй-бүлө жумуштарын тең бөлүшүп аткарууга укуктуу. Сиздин атаңыздын иниңизди коргоп, сөз тийгизбегени туура эмес тарбиялоонун бир белгиси. Иниңиз кичинекей кезинен бери ага болгон өзгөчө мамилени байкап, азырка чейин колдонуп келет. Эң биринчиден ата-энеңиз менен өзүнчө олтуруп бул жагдайды талкуулап, сиз бир туугандар арасында болгон мамилени бекемдеп, ынтымакка алып келишти кааларыңызды айтыңыз. Бул суроону кененирээк талкуулаш үчүн психологго дагы кайрылсаңыз туура болот. Сиз азамат кыз экенсиз. Ийгилик каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт