Айыл өкмөттө иштеген тууганыбыз өзүн көтөрө берет. Кылган ишин доомат кылып, чоң сүйлөйт. "Мен болбосом паспортсуз калмаксыңар" дейт. Эмне кылсак болот?
// //
Айыл өкмөттө иштеген тууганыбыз өзүн көтөрө берет. Кылган ишин доомат кылып, чоң сүйлөйт. "Мен болбосом паспортсуз калмаксыңар" дейт. Эмне кылсак болот?
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сиздин тууганыңыздын өзүн өйдө көтөргөнү сизге таасир бербеши керек. Кээ бир адамдар бийликти, мактанганды, башкарганды жакшы көрөт. Аларды өзгөртүү абдан оор. Ага карабастан сиз ал адамга дагы бир жолу ыраазычылыгыңызды айтып, анын күчтүүлүгүн белгилеп, экинчи кайталабоосун айтыңыз. Балким бир күнү ал адамга дагы сиздин жардамыңыз тийип калаар. Ийгилик каалайм!