// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Телевизору барларга жөлөк пул бербейби?

3 балам бар, иштебейм. Үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун ала аламбы жана кандай документтер керек? Күйөөңдүн айдоочулук күбөлүгү, телевизор бар болсо бербейт деп уктум. Бул чынбы? 

Эксперттин жообу
02.08.2018, 09:25

Айкөл Турганбаева

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери 

Саламатсызбы, урматтуу айым! “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу 16 жашка чейинки балдары бар, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Эгерде күйөөңүз экөөңүздөр иштеп тапкан айлык кирешени бириктирип,  үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлгөндө, ар бир мүчө башына тийген сумма 900 сомдон ашпаса, анда балдарыңыздардын ар бирөөсүнө ай сайын 810 сом берилет.

Керектүү документтер; арыз берүүчүнүн паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, жашаган жеринен маалымкат (эгерде каттоосу айылда болсо, учурда шаарда жашап жатса, шаардагы дарегинен маалымкат), кирешесин тастыктаган маалымкат (иштеген жеринен, айыл өкмөттөн).

Документтерди тапшырасыз: шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына.

Ошондой эле “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун берүүдө муздаткыч, сыналгы сыяктуу үй оокаттарынын эсептөөгө кошулбай калганына көп болду. Узакка пайдалануучу товарлар: автоунаа, трактор, комбайн, жүк ташуучу унаалар бар болсо жана алар иштетилсе гана эсепке алынат. Айта кетчү нерсе каражаты жок үй-бүлөдө унаа болбойт. Унаасы бар болсо, ал жашыруун киреше болуп саналат. Күйөөңүздүн айдоочулук күбөлүгү бар болсо, бирок унааңар жок болсо жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар.

Эгерде документ тапшырып жатканда социалдык башкармалыктар “Сыналгыңар бар экен” деп бербей койсо, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына кат жазыңыздар же 0312 66 01 07 номерине байланышыңыздар. Атайын чара колдонобуз.

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт