Мен 16-жаштамын. 5 бир тууганмын. Быйыл 9-классты кызыл күбөлүк менен бүтүрдүм. Бирок окууга тапшырайын десем, үйдөгүлөр макул болбой койду. Быйыл төртөөбүз мектепке бармакпыз. Бизди кийинтип-ичиргенге ата-энемдин чамасы жетпей калат. Кичүү сиңдим да мээсинин бир жарым шары өспөй калган, дарыланат. Мен үйдөгүлөргө жардам берип, окубай эле иштесемби дегем. Эмне кылсам болот? Башым катып жатат. Атам, апам эч жерде иштебейт. Апам сиңдимди ойлоп кийинки күндөрү көп ооручу болуп калды. Алардын кыйналганын көргүм келбейт. Атам ичет, майдачыл киши, эч нерсеге түшүнбөйт!