// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Апамды алдап кетишти

“QUESTRA WORLD" деген компания тууралуу маалымат бере аласыздарбы?  Кыргызстанда иштеген офистери барбы? Апам интернетти пайдаланганды билбегендиктен, таанышы аркылуу кошулуптур. Ал компанияга кошуп койдум деп, 250 000 сом акча алып кеткен. Эми болсо ал “компания жабылып калды” деп, Турцияга кетип калыптыр. Акчадан болсо дайын жок. Эмне кылсак болот?  

Эксперттин жообу
30.07.2018, 14:38

Нурислам Раимжанов

Юрист 

Урматтуу окурман, бул компания 2017-жылы Жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) катары каттоодон өткөн. Азыркы учурда иштеп жатат. Компания эч кандай товар сатпайт, финансылык ортомчулук кылып иш алып барат. 

Сиз эмне кылышыңыз керек?

Биринчиден: Апаңыз акча алып кеткен аялдын үстүнөн милицияга арыз менен кайрылышы керек. Арызда: акча алган аялдын ата-жөнү, канча өлчөмдө акча алганы, качан алганы жана башка толук маалымат болушу керек.

Экинчиден: Финансы полициясына,  “Таанышым (ата-жөнү) 250 000 сом өлчөмүндөгү акча алып, QUESTRA WORLD деген компанияга каттатам деген. Бирок кийин ал компаниянын жабылып калганын айтып, өзү Турцияга кетип калды” деп арыз менен кайрылыңыз. Органдардын текшерүүсүнөн сиз жабырлануучу катары табылсаңыз, акчаны кайрып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

QUESTRA WORLD фирмасы тууралуу: http://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=454589

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт