// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Балалуу боло албай жатабыз

 

Мен турмушка чыкканыма аз эле убакыт болду. Жолдошум экөөбүз кошулганда сактанган эмес болчубуз. Бирок боюмда болгон жок. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Же кабыл алуу мүмкүнчүлүгү аз болгонбу? Этек кир келгенде бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү көп болот деп уккам. Маалымат берип коесуздарбы?

 

Эксперттин жообу
09.02.2018, 15:42

Бактыгул Абдраманова

Гинеколог

Сиз турмушка жаңы эле чыгыптырсыз. Бир жыл убактыңыз бар. Камсанабаңыз. Турмушка чыгаар замат бойдо болуу керек деген нерсе жок. Медицинада бойдо бүтүү үчүн бир жыл мөөнөт берилет. Эгер бул жыл аралыгында кош бойлуу боло албасаңыз гана гинекологдорго кайрыласыз. Ошондой эле бойдо бүтүүдө көйгөйлөр жаралса, жолдошуңуз экөөңүз тең текшерүүгө барышыңыздар керек. Себеби көйгөй бир тараптуу болбошу мүмкүн. Этек кир келген учурда бойго бүтүү ыктымалы төмөн. Этек кир келип жатканда жыныстык катнаштын болбогону жакшы, инфекция кирип кетүү сыяктуу жана башка коркунучу бар. Аял кишинин менструалдык циклинде овуляция башталган учурда кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Мындайча айтканда уруктануу клеткасы фоликулдан чыккан учур. Ден соолугу сак, этек кири туруктуу келген айымдарда овуляция биринчи этек кир бүткөндөн 14 күндөн кийин же эки жумадан соң башталат. Башка күндөрдө коргонуу каражаттарысыз жыныстык катнашка барган учурда бойго бүтпөйт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт