Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Бишкектен паспорт жоготтум

Мен Оштон болом, Бишкектен паспорт жоготтум. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
А
Аноним
27.07.2018, 11:33

Мамлекеттик каттоо кызматы

Урматтуу жаран, эң негизги талап сиздин каттооңуз болуш керек. Каттооңуз болсо паспортту каалаган аймактан ала бересиз. 

Керектүү документтер:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • Паспорттун көчүрмөсү
  • Нике катталган тууралуу күбөлүк же ажырашкан тууралуу күбөлүк.

Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунун даректери:

  • Медеров көчөсү 44/1, Биринчи Май жана Октябрь райондорунун паспорттук бөлүмдөрү
  • Чокон Валиханов көчөсү 2, Аламүдүн жана Свердлов райондорунун паспорттук бөлүмдөрү
  • Жаш Гвардия бульвары 4, Ленин районунун паспорттук бөлүмдөрү

Иштөө тартиби: 09:00 дон 17:30, түшкү тамактануу 12:30дан 13:30га чейин.

Ийгилик сизге!

Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт