// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Боюмда бар экенин ата-энем билбейт

Учурда 17 жаштамын. Кош бойлуумун. Ата-энем бул тууралуу эч нерсе билбейт. Жашым жете элек болгондуктан, бейтапканага  бара албайм. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
26.07.2018, 12:53

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Кызым, сурооңдо бир топ түшүнүксүз учурлар бар экен. Кош бойлуулук бул - уят эмес, чоң бакыт. Сен турмушка чыктың беле? Баланын атасы кайда? Турмушка чыга элек болсоңуз, ооруканага болочок атасы алып барсын. Ата-энем билбейт дегениңизге караганда тартынып жатат окшойсуз. Сөзсүз дарыгерге барып, көзөмөлдөн  өтүү зарыл. Жакындарыңызга билдириңиз. 

 

Тамара Воронцова

Психолог

Кымбаттуум, абалыңыз абдан оор экен. Бул жерде сиздин гана эмес, курсагыңыздагы жаңы жашоонун дагы тагдыры чечилип жатат. Жигитиңиз менен жыныстык катнашка барып жатканда контрацептивдерди колдонуу зарыл эле. Ошондой эле 100 пайыз сактаган каражаттар жок болгондуктан, мындай нерсеге даяр болушуңуз керек болчу.

Жигитиңиз менен натыйжасын ойлобогондуктан, сиз кош бойлуулукка даяр эмес болуп калдыңыз. 17 жашта экенсиздер, жыныстык катнашка барып жаткандан кийин, баарын билүү керек.

Ошондуктан ата-энелер үй-бүлө курганга чейин, мындай мамилелерге тыюу салышат. Себеби алар балдары ата-эне болууга даяр эмес болуп калса, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүлөрү керек болот.

Мисалы, силердин абал. Ата-энеңизге айтуудан коркуп жатасыз, бирок бул абалдан чыгуунун башка жолу жок. Оба, башында урушат, бирок кандай болгон күндө дагы жардам беришет. Жакшысы апаңызга айтыңыз, андан кийин эмне кылуу керек экенин чечиңиздер.

Дайыма эле кыздарды күнөөлөй беришет, бирок жигиттер дагы жоопкерчилигин мойнуна алышы керек. Көп учурда коркок, инфантилдүү жигиттер "кыздар өзү чечип алат" деп, качып, жок болуп кетишет. 

Бул нерсени өзүңүз гана чечесиз жана жоопкерчилик дагы өз мойнуңузда! Коркпоңуз, ата-энеңизге барыңыз, өз сүйүүңүз жана балаңыз үчүн күрөшүңүз. Алардын жардамы жок, сизге кыйын болот. Сизге жана ата-энеңизге туура чечим кабыл алууну каалайм! Өз бакытыбызды биз өзүбүз курабыз!

 

0
Пайдалуу жооп
A
Anara Orozbaeva
27.11.2018, 04:03

Менда жаштык кылгам боюмда болуп калып бирок тородум сенин ахвалынды тушунуп турап кенешим балага ишенсен суйсон ата енене айт айталбасан жакын адамын аркылуу айтыр 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
04.01.2019, 07:49

Саламатсыздарбы мага жардам бериниздерчи мен турмушка чыкканыма 1ж 3ай болду Аллага шугур уулду болдум 3айлык менин куем экобуздун мамилебиз жакшы эле анча мынча майда чуйдо уруштар болуп турат мен аябай ыйлап жатам жана эмне кылышымды билбей жатам куемдун телин чукулап бир каяктагы кочодо калган кыз менен жатып келгенин билип алдым эмне кылайын жардам бергилечи

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт