// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

12 жашар карындашымдын жигити бар

Карындашым 12 жашта. Кечээ күнү жигити бар экенин билдим. Азыр ага абдан кабатыр болуп жатам. Ал ишенчээк. Кумарга азгырып кетеби деген ойлор башымдан кетпей жатат. Өзүм сүйлөшөйүн десем Россиядамын. Кантип туура түшүндүрсөм болот?

Эксперттин жообу
23.07.2018, 16:27

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог

Окурман, жигит дегенди ар ким ар кандай кабыл алат. Бирөөлөр жигит десе эле интимдик байланышы бар деп ойлойт. Бул туура эмес. Балким карындашыңыз менен сүйлөшүп жүргөн досу же классташыдыр.

Бул жерде ал баланын канча жашка улуу экени маанилүү. Эгер бала 18 жаштан жогору болсо анда-бул кылмыш.  Жаш курактары тең чамал болсо сиз алардын мамилесине каршы боло албайсыз, уруп койгонго дагы укугуңуз жок. Терс кыймыл-аракет аркылуу карындышыңыздын психологиясына зыян алып келесиз. Мамиле курган адамдарынан коргой берсеңиз, өзүнө болгон ишеничи жоголот. Ошондуктан карындашыңыз менен ачык сүйлөшүп, ортодогу мамилеси кандай экенин сураштырыңыз. Кумарга батып  же жыныстык катнашка барат деп кабатыр болуп жатсаңыз, ал жөнүндө дагы айтып көрүңүз. Урушуп же кол көтөрүү менен көйгөй чечилбейт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт