// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Классташым зордуктап койду

Эки ай мурун мени классташ балам зордуктап койгон. Машинасында кетип баратып суу ичкенбиз. Себебин билбейм,  кийинки 4-5 сааттык убакыт эсимде жок. Эсиме келсем, классташым ортобузда интимдик байланыш болгонун айтты. Башында ишенген жокмун, мындай болушу мүмкүн эмес дедим. Бирок, көйнөгүм жана ич кийимим кан экен. Эки күн боюу эмне кылаарымды билбей, жыйынтыгында милицияга арыз жазууну туура көрдүм. Классташым мага кайра-кайра чалып жатты. Арыз жазаарымды айтсам, “Арыз жазсаң атаң менен апаңа жаман!” деп коркутуп баштады. Атамдын эпилепсиясы бар, апам болсо  2 жолу инсульт болгон. Алар бул нерсени көтөрө алашпайт эле. Айлам жок, арыз жазган жокмун. Азыр ал башка мамлекетте. 

Жакында үй-бүлөлүк шартка байланыштуу башка өлкөгө иштегени кетем. Мен өзүмдү кантип алып жүрүшүм керек? Эгер 6 ай интимдик катнашка барбаса кыздык белги кайра калыбына келет дешет экен, бул чынбы?  

Эксперттин жообу
17.07.2018, 13:09

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Кыздык чел кабык дайыма нымдуулукта кармалып тургандыктан, жаракат алганда ошол калыбында калып калат. Эч качан баштагысындай болуп калыбына келбейт.  Менин сизге кеңешим, дарыгер-гинекологго кайрылып, жыныс инфекцияларына анализ тапшырып коюңуз. Кошумча суроом: зордуктоодон кийин этек кириңиз келдиби?

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт 

Урматтуу окурман! Классташыңыз сизди алдоо жолу менен ишенчээктигиңизди пайдаланып зордуктаган. Аны жазасыз калтырбай ошол замат милицияга беришиңиз керек болчу. Зордуктоону далилдөө үчүн кан болгон кийимдерди жуубаш керек жана жуунбоо дагы зарыл. Эгер биз зордук-зомбулук жасаган айыпкерлерди дайыма жазасыз калтыра берсек, ал кайрадан барып дагы бир башка кыз келиндерге зомбулук жасайт. Ошондуктан, эч нерседен коркпой милицияга, доктурга, кризистик борборлорго кайрылуу кажет.

Азыр убакыт өтүп кеткен соң, чөкпөңүз, психологго жана гинекологго барыңыз. Күчтүү болуңуз, сиздин келечегиңиз алдыда. Жашоодогу бардык баалуулуктарды, ой- тилек максаттарды кыздык белги менен байланыштырбаңыз. Тагдыр сизге 10 сыноо койсо, сиз ага 20 жооп табыңыз! Баардык жакшы нерселер алдыда!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт