22 жаштамын. Төрөгөндөн кийин көкүрөгүм менен жамбашым кичирейип, аябай арыктап кеттим. Мурун 65 кг болчумун, азыр 45 кг. Эмне кылсам болот?
// //
22 жаштамын. Төрөгөндөн кийин көкүрөгүм менен жамбашым кичирейип, аябай арыктап кеттим. Мурун 65 кг болчумун, азыр 45 кг. Эмне кылсам болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, төрөттөн кийинки арыктап кеткендигиңизден улам, булчуңдарыңыздын салмагы азайган. Кээ бир келиндер ойго батып, санаа тартканда же балага каралашаар кишиси жок кыйналгандан арыктайт. Сиз алгач арыктаганыңыздын себебин изилдеп, толгонго аракет кылыңыз. Төрөгөнгө чейинки көкүрөгүңүз менен жамбашыңызды фитнеске, сүзүүгө барып калыбына келтирип алсаңыз болот. Дарыгерга кайрылып, текшерилип коюңуз.