// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Досторум менен мамилем начар

Кичинекейимден бери эле классташ дос балдарым менен мамилем келишпейт.  Алар менин көзүмчө жакшы сүйлөп, көзүм жокто жамандашат. Кантип тил табышсам болот? 

Эксперттин жообу
16.07.2018, 10:39

Тамара Воронцова

Психолог

Урматтуу окурман, адамдар менен тил табыша билүү-жашоодогу эң негизги нерсе. Жумушта, карьера курууда жана үй-бүлөдө бул нерсенин жардамы тиет. Жубайыңыз, анын туугандары жана балдарыңыз менен жакшы мамиле түзө билгенди, кошуналарыңыз, досторуңуз менен тил табыша алганды билүү абдан маанилүү. Өкүнүчтүүсү бул маанилүү нерсени эч жерде окутуп, үйрөтпөйт. Туугандарыңыз менен кандай байланыштасыз? Эмне себептен классташтарыңыз менен мамилеңиз ушунчалык жаман болуп жатат?  

Төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:

  • Уруш-талаштын, сизге негативдүү мамиленин себеби эмнеде?
  • Сиз эмнени туура эмес жасадыңыз?
  • Мындай абалга келбөө үчүн эмне кылуу керек эле?
  • Эгерде дагы бир ирээт кайталанса, эмне кыласыз?

Эгерде классташтарыңыздын сизге болгон мамилесинде олуттуу бир себеби жок болсо, алар менен мамилени оңдоого ар дайым кеч эмес, үйрөнүп, колдонсо болот.

Эгерде колуңуздан келбей жатса, анда психологго кайрылыңыз.

Бул абдан маанилүү. Себеби компромисс таба билүүдөн, сиздин келечек жашооңуз көз каранды. Үйрөнүп, баарын оңдоого ар дайым мүмкүн. Мен сиздин абал жакшырып, досторуңуз, курбуларыңыз пайда болооруна ишенем. Баарлашуусу жок адам жалгыз жашай албайт.

Баары өз колуңузда, сизге ийгилик каалайм!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт