Жети айлык боюмда бар. Кочкор районунда жашайм. Быйыл 4-курсту бүтүп жаткандыктан 4-5 күндө бир Бишкек шаарына келип, кетип турам. Шаарга келгенде бутум шишип жатат. Эмне себептен жана эмне кылсам болот?
// //

Гулзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, каттоого турган дарыгериңе барып анализ тапшыр. Буттун шишигени бөйрөктүн кыйналып иштешинен болот. Жети айлык мөөнөт чоң, зарылчылыгы жок көп жол жүрбө. Узакка жол жүрсөң 2 саат сайын табарсыкты бошотуп туруу керек. Бул кош бойлуулуктун чоң мөөнөттөгү татаалдануусунун бир белгиси. Өзүңө-өзүң этият мамиле кыл!