Көздү лазер менен туралоо боюнча маалымат бере аласызбы? Зыяны жокпу? Кыргызстанда жасалабы? Баасы кандай?
// //
Көздү лазер менен туралоо боюнча маалымат бере аласызбы? Зыяны жокпу? Кыргызстанда жасалабы? Баасы кандай?
Аида Аскеева
Офтальмолог
Урматтуу окурман, лазердик туралоо биздин мамлекетте жасалат. Суммасы болжол менен миң доллар. Лазердик туралоонун сиздин көзүңүзгө, жашыңызга жараша кылат. Көбүрөөк лазер менен туралатуу чел кабыктын жукарышына алып келет. Эгер сиз кичинекей кыз болсоңуз сизге жасаганга болбойт. Себеби, сиз кийин төрөйсүз. Азыраак лазердик туралоо болсо, жасатсаңыз болот. Туралатуу кылгандан кийин 2-3 ай көзүңүз кызарып, реабилитация болот. Бирок, көзүңүздө миопия же гиперметропия оорусу бар болсо айыкпайт, болгону көз айнексиз жүрүп каласыз. Зыяны: Көздүн чел кабыгы жукарат, сезгенет, жукарган чел кабык кийин төрөгөндө жарылып кетиши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен көздүн көрүүсү кайрадан начарлап, көз айнек тагынып калышыңыз ыктымал.