// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жигит менен мамилем көпкө созулбайт

20 жаштамын. Студентмин. Мен жигит менен мамиле түзгөндө көпкө созулбайт. Ашып кетсе 2 ай. Алар мага жакшы мамиле кылса дагы, сүйлөшкүм келбей калат. Азыр дагы бир бала менен сүйлөшүп жүрөм. Төрт айдан кийин тоюбуз болот. Мамилем дагы токтоп калабы деп корком. Кандай жол менен өзүмдү токтото алам?

Эксперттин жообу
13.07.2018, 11:20

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог 

Урматтуу окурман, сурооңуз абдан кызыктуу экен. Өзүңүздү  кантип токтото алаарыңызды бир гана өзүңүз билесиз. Мени кызыктырган суроо: Эмне үчүн сиз мамилелериңизди 2 айдан кийин үзүп саласыз?Балким мурунку мамиледе болгон жигиттер сизге жакчу эмес, же сиздин талаптарыңызга жооп бере алышкан жок. Сиздин коркуу сезимиңиздин себеби бар чыгар. Жөндөн жөн эле мамилени үзүп салуу көп кездешпейт да. Мүмкүн сиз жоопкерчиликтен коркосуз же сүйүп калуудан качасыз. Эгерде азыркы учурдагы сүйлөшкөн жигитиңиз жагып, үй-бүлө курууга даяр болсоңуз анда коркуунун кажети жок. Эгер 4 айдан кийинки тойдон коркуп жатсаңыз ал туурасында жигитиңизге сөзсүз түрдө айтыңыз.

Сиз эркин адамсыз жана тандоого толук укугуңуз бар!

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт