// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Атам апамды урат

Апам менен атам бири-бирин сүйбөйт. Экөөнү ата-энелери кудалап үйлөндүргөн. Ушул убакытка чейин уруш-талаш менен жашап келе жатышат. Атам апама кол көтөрөт. Мындай көрүнүш дайыма болуп турат. Эки жумдай болуп калды, атам апамды дагы сабады. Денесинин баары көк-ала, оң колунан дал тамырынын тушу жарылып, ачылып калыптыр. Сөөмөйү менен бармагы гана иштеп жатат. Калган манжалары иштебей калды. Доктурга алып баралы десек, атам болбойт. Эмне кылам? Апама кантип жардам берем? Кеңеш бериңиздерчи.

Эксперттин жообу
13.07.2018, 09:50

Гүлбарчын Жумабаева

Никелер жана зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, атаңыз апаңызга карата дене-бойлук зомбулук жасап жатат. Бул нормалдуу көрүнүш эмес. Жазганыңызга караганда апаңыздын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирилиптир. Дарыгерге көрүнгөнгө уруксат бербей жатса, сиз апаңыздын ден-соолугу үчүн жашаган аймагыңыздагы милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө (участковый) кайрылууга милдеттүүсүз. Мындан коркпоңуз!

Милиция келип, апаңыз үчүн дарыгер чакырат. Атаңыз менен сүйлөшүп, аны администрациялык жоопкерчиликке тартып, зомбулуктун кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Кайра кайталаса, каттоого алып, оңдоп-түзөтүүчү программага жөнөтөт. Ал жактан атаңыз менен атайын адистер түшүндүрүү иштерин алып барат.

Апаңыздын дайыма таяк жеп жабыркашын каалайсызбы, же атаңыздын мындай зомбулуктуу жүрүм-турумунун оңдолушун каалайсызбы?  Билесизби, үй-бүлөдөгү мындай абалдан бир эле апаңыз эмес, баары жабыркайт. Мындай үйдө тарбияланган кыз кийин өз турмушунда да ушундай зомбулукка кабылышы мүмкүн. Уул бала болсо, атасынын кылгандарын өзүнүн келечектеги үй-бүлөсүнө колдонгон зордукчуга айланышы ыктымал. Мунун баарынын алдын алуу керек. Ошол үчүн тезинен милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылыңыз же болбосо жашаган дарегиңизди айтып, 102ге чалыңыз. Апаңызга тезинен дарыгерлердин жардамы керек, болбосо абалы өтө оор өнөкөт ооруга айланышы мүмкүн.

 Апаңызга карата зомбулукту бир гана сиз токтото аласыз!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт