Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Ата-энем мени колдобойт

Үй-бүлөдө эң кенжесимин. Менин төрт эжем, бир агам бар. Агам менден 2 жаш улуу. Үйдө атам, апам, агам болуп жашайбыз. Эжелеримдин баары турмушка чыккан. Кичүүсү болгондуктан үйдүн да, сырттын да жумушуна жардам берем. Кээде баарын өзүм кылып коём. Агам болсо жардам берейин деп дагы койбойт. Ата-энем дайым мени басынтып, агамды колдоп турат. Мисалы, агам уктап мен үй жумуштарын кылып жатсам, менден кемтик таап уруша баштайт.  Байкем апамдар жокто мага кол көтөргөнгө чейин барат. Уруш укпайын деп жумушумдун баарын так кылам. Кийинки күндөрү ата-энемден алыстадым, көздөрүнө тике карабайм, жаман-жакшы жаңылыктарымды айтпайм. Эне-атам бере албаган мээримди атамдын карындашынан алам. Ал эжем абдан жакшы! Мага кеңеш бериңиздерчи!

Эксперттин жообу
A
Asel
12.07.2018, 14:15

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог

Урматтуу өспүрүм, сиздин катыңызды окуп, татаал абалда болгонуңузду түшүнүп турам. Өспүрүм болуп туруп өзүңүздүн моюнуңузга көп иштерди жүктөптүрсүз. Мындай абалда болуу абдан оор. Ата-энеңиздин болгон акыйкатсыздыгы жакшы көрүнүш болуп эсептелбейт. Сиз ата-энеңизге ой-толгоолоруңузду айтканга аракет кылып көрүңүз, балким алар кыйналып жаткаңызды көрбөй же түшүнбөй жаткандыр. Болбосо атаңыздын карындашы аркылуу  бул маалыматты жеткириңиз.

Үйдөгү болгон иштерди үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү бирдей  арткарганы туура болот. Сиз апаңызга байкеңиз жана сизге  иштерди тең бөлүштүрүп берүүсүн өтүнүп  көрсөңүз.

Улуу агаңыздын көл көтөрүүсү кылмыш болуп эсептелинет. Ата-энеңиз же эжеңиз бул суроону чече албаса сиз ак-сакалдар сотуна же милицияга кайрылып көрүңүз. Байкеңиздин кол көтөрүүсү бир күнү катуу жаракат алып келиши ыктымал.

Сиз 111 балдар үчүн ишеним телефонуна чалып жардам сурасаңыз болот. Телефон чалуу акысыз.

Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт