Үйдө апам, карындашым, тайкем, эжем болуп чогуу жашайбыз. Алар менен эч эле тил табыша албайм. Үйүбүздө күндө ызы-чуу. Өзгөчө тайкем менен пикирим келишпейт. Эмне кылсам болот?
// //
Үйдө апам, карындашым, тайкем, эжем болуп чогуу жашайбыз. Алар менен эч эле тил табыша албайм. Үйүбүздө күндө ызы-чуу. Өзгөчө тайкем менен пикирим келишпейт. Эмне кылсам болот?
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, жашоодо ар кандай жагдайлар болот. Мен сизге суроолорду жөнөтөйүн, жооп бергенден кийин баарлашууну уланталы.
Ой жүгүртүп көрүңүзчү: Эмне себептен сиз үй-бүлө мүчөлөрү менен “батышпай” жатасыз? Балким сизге үйдөгү климат жакпайт же сиздин кандайдыр бир айта албай жүргөн сөздөрүңүз барбы? Уруш жөн жерден пайда болбойт, ошондуктан келишпестиктин себебин билип алышыбыз керек. Редакцияга жоопторду жөнөтсөңүз, сизге жардам бергенге аракет кылабыз.