14 жаштамын. Боюм 162 см, салмагым 60 кг. Өзүмдү семиз деп эсептейм. Курбуларым арык болгондуктан мен дагы ашыкча салмактан арылгым келет. Кандай жолдору бар?
// //
14 жаштамын. Боюм 162 см, салмагым 60 кг. Өзүмдү семиз деп эсептейм. Курбуларым арык болгондуктан мен дагы ашыкча салмактан арылгым келет. Кандай жолдору бар?
Гульнара Абдрахманова
Диетолог-эндокринолог
Урматтуу айым, салмактан бирөөгө атандаашып арылуу туура эмес. Курбуларыңыз арык болсо, өздөрү үчүн арык. Ар бир адамдын организми ар кандай болот. Салмактан арылгыңыз келсе, бирөө үчүн эмес, өзүңүз үчүн жасаңыз. Мен сизге 3 кеңеш бере алам.
Биринчиси туура тамактануу. Жер-жемиштер, белок жана углеводдор аралашып, баланстанган тамактарды ичип, жеңиз. Тарелканы элестетиңиз. Аны экиге бөлүңүз, бир бөлүгүн жашылча-жемиштер, экинчи бөлүгүнүн жарымын углеводдор, жарымын белоктор түзсүн. Түштө сөзсүз түрдө тамактаныңыз. Ачкачылык үч сааттан ашса, организим стресске кабылат. Негизги болгон эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануулардын арасында аз-аздан бир нерсе жеп туруңуз.
Экинчиден физикалык көнүгүүлөр. Физикалык көнүгүүлөргө жөө басуу, чуркоо, спорт залга барып машыгуу, сууда сүзүү кирет. Жөө басканда сейилдегендей жай эмес, 30 мүнөт тез ылдамдыкта басуу. Бул минимум десек болот. Эң мыкты тандоо сууда сүзүү.
Үчүнчүдөн таза, жылуу суу ичүү. Себеби суу организимдеги зат алмашууну тездетет. Сууну күндүн биринчи жарымында, күнүнө 7 стакан же эң көп дегенде 3 литр ичүү сунуштайм.