Менин жашым 20да, кытыгым аябай көп. Баардык жеримде бар. Адамдын колу тийсе эле кытыгым келет. Кантип жоем?
// //
Менин жашым 20да, кытыгым аябай көп. Баардык жеримде бар. Адамдын колу тийсе эле кытыгым келет. Кантип жоем?
Ирина Василенко
Невролог
Теринин ашыкча сезимталдуулугу кооптуу оорулардын белгилери болушу мүмкүн. Бул нерсени кытыгы деп дагы айтууга болбойт. Адамдар кытыгыдан канчалык көп корксо, демек аларда неврологиялык көйгөйлөрдөн улам жаралган гиперестезия синдрому бар. Бул синдром тери катмарынын өтө сезимтал болушу дегендик. Себептери абдан көп, баш сөөк ичиндеги басым, кыжырдануу, кан басымдын жогору болушу, интоксикация жана башкалар. Андыктан сиз тезинен неврологго, терапевтке кайрылып, дарылануудан өтүңүз. Бул неврологиялык оору, өз алдынча арыла албайсыз.