// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Балага эчкинин сүтү зыянбы?

Менин 4 айлык эгиз балдарым бар. Өзүмдүн сүтүмө тоюшпайт, кошумча эчкинин сүтүн беребиз.  Эчкинин сүтүн майлуу дешет, күчтүү болуп калбайбы, же суу кошуп берсем болобу?

Эксперттин жообу
07.07.2018, 12:52

Айгүл Камалова

Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт

Урматтуу айым, эчкинин сүтүн балдарга кошумча азык  катары 9 айдан кийин берүү сунушталат. Анда дагы суу менен 1:4 аралаштырып берилет. Азыркы учурда кошумча балага берүүгө мүмкүн болгон көптөгөн азыктар бар. Өзүңүздүн аймактык педиатрыңыз менен кеңешип туура келгенин берсеңиз жакшы болот. Бир жашка чейин балдарыңыз педиатрдын көзөмөлүндө болушу зарыл. Өз билемдик кылууга болбойт. Тезинен дарыгерге кайрылып, кеңеш алыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт